«Таалим-Форум» коомдук фонду «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуунун инновациялык ыкмалары» долбоордун алкагында «Билим берүүдөгү санариптешүү: Мугалимдин ролунун өзгөрүшү» темасында  тегерек стол өткөрдү. Анда  мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонуу билимин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду. 

Тегерек столго КРнын Билим берүү жана илим минситрлигинин өкүлдөрү, Республикалык кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун жана анын Ысык-Көлдөгү, Баткендеги, Оштогу, Жалал-Абаддагы жана Нарындагы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү, “KG Analytics” интеллектуалдык фондунун эксперттери, «Санарип мугалим» жана “Mugalim” онлайн платформаларынын негиздөөчүлөрү, илимий кызматкерлер, билим берүү аналитиктери, мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин мугалимдери катышты. 

 Ошондой эле иш чарага онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү болуп, Казакстандын Жамбыл облусунун кесипкөйлүктү жогорулатуу институтунун өкүлдөрү жана региондордон мугалимдер онлайн катышты. Иш чарада мугалимдердин МКТны (маалыматтык-коммуникациялык технологияларды) колдонуу маселелери, мугалимдердин билимин жогорулатуунун эффективдүү жолдору талкууланып, алгылыктуу сунуштар берилди. Тегерек столдун катышуучулары: Мугалимдерди кайра даярдоо жана кесипкөйлүктү жогорулатуу системасынын эффективдүүлүгүн кантип жогорулатууга болот? Мугалимдердин жана мектеп директорлоруна эмнелер зарыл? Биз кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз келет? – деген сыяктуу суроолорду талкууга алышты.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуунун инновациялык ыкмалары»  долбоору   «Таалим-Форум» коомдук фонду (Кыргызстан), «NNC» (Монголия), «Анахита» коомдук фонддору (Тажикстан) биргелешип, Билимдер жана инновациялар менен алмашуу (GPE KIX) программасынын негизинде, Эл аралык өнүгүүлөрдү изилдөө (IDRC, Канада) борборунун колдоосу менен ишке ашырылууда. 

"МКТ компетенциясынын анализи" презентация орус тилинде

"Квалификацияны жогорулатуу курстарын талдоо" презентация орус тилинде

"Цифралык трансформация шартында мугалимдин профессионалдык өнүгүүсү" презентация орус тилинде

"Онлайн мектеп" презентация орус тилинде 

"Мугалимдерди кандай көргүбүз келет" презентация орус тилинде

Кошумча маалымат Кут Билим гезитинде

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду