БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖАНА ЖЕТКИЛҮКТҮҮЛҮГҮН ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАН, МОНГОЛИЯ ЖАНА ТАЖИКСТАНДА АРАЛЫКТАН ОКУУТУНУ ӨРКҮНДӨТҮҮ

Долбоор жөнүндө

Дүйнөдө жүрүп жаткан COVID-19 пандемиясынын таасири Кыргыз Республикасында, Монголияда жана Тажикстанда билим берүүдө кездешкен өксүктөрдү көбөйттү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн бирдей камсыздоо саясатын аксатты. Аралыктан окутуу азыркы күндө билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууда эң натыйжалуу жолдордун бири болуп калды, бирок анын жеткиликтүүлүгү менен сапатына көңүл буруу жана изилдөө зарыл маселелерден экени талашсыз. Бул долбоордун негизинде үч мамлекеттеги аралыктан окутуунун инновациялык ыкмалары менен жалпы көйгөйлөрү изилдөөгө алынат. 

Изилдөө үч мамлекеттеги мектептердин жарым-жартылай убактылуу же толук жабууда колдонулуучу аралыктан билим берүүнү уюштуруудагы негизги стратегияларга багытталган; окутуудагы негизги проблемалар жана бирдей жеткиликтүүктү камсыз кыла албаган шарттар, жашаган жерине, этникалык азчылыкка жана гендердик теңчиликке байланыштуу тоскоолдуктар; үч мамлекеттеги жана дүйнө жүзүндөгү аралыктан окутууну уюштурууда колдонулган моделдер, инновациялар менен стратегиялар, (а) теңчилик проблемасы жана инклюзивдүү окутуу (алардын себептери менен чогуу) маселесин чечүү, (б) мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; (в) билим берүү саясатын жана тажрыйбаларды иштеп чыгуу үчүн алдыңкы практикаларды алып чыгуу.

Долбоордун негизги максаты аралыктан окутуудагы инновациялык ыкмаларды өркүндөтүү, балдар жана аз камсыз болгон топтор үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен анын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. 

Долбоор боюнча маалымат

Доолборду ишке ашырган уюмдар:

“Таалим-Форум”  коомдук фонду (жетектөөчү мекеме), “Nomadic Nature Conservation”, “Анахита” коомдук уюму 


Долбоордун жетекчиси:

Жылдыз Доолбекова


Географиялык камтуу:

Кыргызстан, Монголия, Тажикстан


Негизчи темасы: Окутуу


Мөөнөтү: 31 ай

Долбоордун максаты:

Долбоордун негизги максаты аралыктан окутуудагы инновациялык ыкмаларды өркүндөтүү, балдар жана аз камсыз болгон топтор үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен анын бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо. 

Долбоордун үч милдети бар:

01

Block Number

Алыскы айылдардагы окуучуларга, этникалык азчылыкка, кыздар жана балдарга (зарыл болгон учурда) сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүгө терс таасирин тийгизген проблемалар менен факторлорду, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын кесепетин аныктоо;
02

Block Number

Билим берүү тармагына кызыккан тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө жана жаңы демилгелерди ишке ашыруучу негизги өнөктөштөр менен бирге аралыктан билим алуу жаатында инновациялык ыкмалар менен билимдерди алмашуу;
03

Block Number

Аралыктан билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, бирдей жеткиликтүү жана туруктуу билим берүүгө багытталган чечим кабыл алуучу тараптар үчүн концептуалдык колдонмо иштеп чыгуу, практикалык ресурстарды жана сунуштарды жайылтуу.

Долбоордун негизинде МКТны колдонууда мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат, онлайн-ресурстарга жана санариптүү түзүлүштөргө кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу, ошондой эле ой жүгүртүүлөр, тажрыйбалар, билимдер, методикалар менен көндүмдөрдү бөлүшө турган ачык платформаларды түзүү иштери жүргүзүлөт. Долбоордун натыйжалары мектептерде аралыктан окутууну майнаптуу уюштуруу боюнча өксүктөрдү жоюуга, педагогдордун компетенциялары менен көндүмдөрүн бекемдөөгө, келечектеги стратегияларды көрө билүүгө, түшүнүп тереңдетүүгө жана жакшыртууга, ошондой эле аралыктан окутуунун инновациялык моделдерин иштеп чыгууда алгылыктуу өзгөрүүлөргө жана ийгиликке алып келет. Долбоор билимдерди топтоого, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды жаратууга, аралыктан окутууну жалпы жана масштабдуу өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.  Үч мамлекетте жүргүзүлгөн изилдөөлөр Борбордук Азия өлкөлөрүндө актуалдуу болгон аралыктан окутуунун аймактык жана глобалдуу моделдери менен стратегияларын  иштеп чыгат.

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду