САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

МЕЖДУНАРОДНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ
ОБРАЗОВАТЕЛЬНЫЕ СТРАТЕГИИ И
ИННОВАЦИИ В ЭПОХУ ЦИФРОВИЗАЦИИ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

САНАРИПТЕШҮҮ ДООРУНДАГЫ
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН СТРАТЕГИЯЛАРЫ
ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРЫ
ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2022-жылдын 4-5-октябрында Бишкек шаарында “Таалим-Форум” коомдук фонду менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Борбордук Азиядагы Америка университети менен өнөктөштүктө уюштурган “Санариптешүү доорундагы билим берүүнүн стратегиялары жана инновациялары” аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Конференция кесипкөйлүк диалогду кеңейтүү үчүн билим берүүнү санариптештирүү боюнча кеңири маселелерди камтып, билим жана тажрыйба алмашуу, инновациялык ыкмаларды, аралыктан окутуу технологияларын колдонууга байланышкан, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун стратегиялары менен инструменттерин аныктоого багытталган улуттук билим берүү системаларындагы маселелерди чечүү жана ишке ашыруу максатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо аянтчасына айланды.

 

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН БРОШЮРАСЫ

Image

Кыргызстандын билим берүү системасы өз алдына учурдагы маанилүү маселелерди чечүүгө, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого багытталган максаттарды коюп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин негизги багыттарынын бири – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн санариптик технологияларды киргизүүгө багытталып, өлкөбүздүн билим берүү тармагын санарипке өткөрүү негизги маселелерден болуп саналат. COVID-19 пандемиясынын учурунда мектептерди аргасыз карантинге  жабуу билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаалды кыйындатты, бирок ошол эле учурда санариптик технологияларды колдонуу менен окутууну өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө санарипке өтүүгө жана санариптик билим берүү экосистемасын түзүү боюнча көп иштерди аткарып жатабыз. Биз дүйнө тездик менен өзгөрүп жатканын түшүнөбүз, заманбап чакырыктарга ылайык жооп берип, өз убагында чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Сиздер менен гана, урматтуу кесиптештер, мугалимдер, окутуучулар, ата-энелер, изилдөөчүлөр, эксперттер, биз оң өзгөрүүлөрдү алып келип, билим берүү системасын жана жалпы өлкөбүздү өнүктүрө алабыз!

Image

БУУнун Генералдык Ассамблеясынын акыркы 97-сессиясында Монголия билим берүү тармагындагы санариптик өзгөрүүлөр боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири катары таанылды. Бул багыттагы иштер буга чейин эле башталып, акыркы эки жылда тездетилди. Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар борборубуз 2020-жылы COVID-19 учурунда түзүлгөн. 2015-жылдан баштап medle.mn аттуу монгол билим берүү платформасын иштеп чыгуу ишин баштадык. Уюмдарга тендер жарыялоо менен контентке буйрутма берсек болмок, бирок бул студенттер үчүн кызыксыз болот деген ойго келдик.

Бул платформанын мазмуну  мугалимдерибиз тарабынан түзүлгөн. Окуу планынын бардык талаптарына жооп бере турган эң мыкты материалдар сынактын негизинде тандалып алынды. Аталган  платформада биз студенттерге да, мугалимдерге да керектүү материалдардын бардыгын, үзгүлтүксүз билим алуу үчүн зарыл болгондун баарын топтодук.

Image

Конференция абдан кесипкөйлүк жана эксперттик деңгээлде өттү, анткени бул жерге билим берүү инновацияларынын маселелерин чындап түшүнгөн адамдар чогулган. Ошондуктан жок дегенде эксперттердин, адистердин аң-сезиминдеги орун алган көндүм калыптарды бузуу үчүн мындай конференция зарыл деп ойлойм. Учурда мугалимдердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуунун концептуалдык мамилелерин кайра карап чыгуу талап кылынууда.

Конференцияда мугалимдин статусун көтөрүү маселеси боюнча баяндама жасадым. Атап айтканда, «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин, Казакстанда мугалимдердин кесипкөйлүгүн үзгүлтүксүз жогорулатуу курстарынын мазмуну жана ыкмалары жаңыланууда.

Image

2019-жылы GPE жана IDRC дүйнө жүзү боюнча GPEнин өнөктөш өлкөлөрүндө билим берүү системасын бекемдөөгө багытталган “Билим жана инновациялар менен бөлүшүү” (KIX) деп аталган биргелешкен иш-чара башталган. KIXтин негизги максаттары билим берүү тармагына жаңы билимдерди жана далилдүү маалыматтарды киргизүү, аларды топтоштуруу жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү болуп саналат. Жалпысынан KIX дүйнө жүзү боюнча кыркка жакын гранттык долбоорлорду каржылайт, анын ичинен үч долбоор Кыргыз Республикасында иштеп жатат. Бул конференциянын негизги уюштуруучусу «Таалим-Форум» фонду KIX грантынын ээси, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Монголияда аралыктан билим берүү жана инновациялар боюнча долбоорду жетектеп жатканын сыймыктануу менен белгилей кетсек болот. Кыргызстандагы дагы эки долбоор жаш балдарга билим берүү жана билим берүүнүн тең укуктуулугунун, инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу үчүн маалыматтарды колдонууга багытталган.

Image

Конференция COVID-19 пандемиясынын натыйжасында аралыктан билим берүүдөгү инновациялар менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн Кыргызстандан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келген катышуучулардын башын бириктирүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк ачты. Билим алуу укугу, БУУнун жана ЮНЕСКОнун көз карашы боюнча, биринчи кезекте, сапаттуу билим алуу укугу.  Мындан ары биргелешип иш алып баруубуз зарыл, конференцияда талкуулангандай эле, алынган сабактарды, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, корутундуларды жана сунуштарды эске алуубуз эң маанилүү деп ойлойм. Конференциябыздын резолюциясында биз сапаттуу билимге болгон укук (SDG 4) татыктуу жашоонун жана туруктуу өнүгүүнүн негизи экенин белгиледик.

Image

Биринчиден, көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы билим берүүдө технологияларды колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана стратегияларын иштеп чыгуу үчүн баарыбызды бириктирген, аталган маанилүү конференцияны уюштурган «Таалим-Форум» коомдук фондуна жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигине ыраазычылык билдирем. COVID-19 пандемиясы дүйнөлүк билим берүүнү болуп көрбөгөндөй үзгүлтүккө учуратып, окуу ишин төмөндөттү, сапаттуу билимге жетүүдөгү өлкө аралык жана өлкө ичиндеги теңсиздикти кайрадан баса белгилеп, күчөттү. Ошол эле учурда, пандемия бизди билим берүү технологияларын жана онлайн окутууну өнүктүрүүнү жана кеңири жайылтууну тездетүүгө аргасыз кылды.

Image

COVID-19 санариптештирүү процессин тездетти, биз онлайн окутуу тажрыйбасын өздөштүрдүк. Окуучуларга сабак өтүлбөй калбашы үчүн пенсионер мугалимдер да  инструменттерди онлайн форматта өз алдынча үйрөнгөнүнө абдан кубандым. Мындай мамиле, албетте, жүрөк жылытат. Адистердин жардамы менен окуу процессине заманбап программалар киргизилип, электрондук билим берүү порталдарында  видеосабактар жеткиликтүү болду. Ошол учурда чыгармачылык менен иштеген мугалимдер байкала баштады. Ата-энелер мугалимдердин эмгегин баалай башташты. Мыкты тарбиялык демилгелер жаралды. Бул конференцияда биз мындай тажрыйбадан эмнелерди үйрөнө алабыз жана келечекте кандай аспектилерди бекемдей алабыз деген сонун талкуу жүрүүдө. Эң жагымдуусу, адистер бири-бири менен таанышып, маалымат, тажрыйба алмаша алат. Бул конференциядан кийин дагы мугалимдер, педагогдор, эксперттер өздөрүнүн пикирлештери менен бирге билим берүүгө салымын кошо беришет деп ойлойм.

Image

Эл аралык конференциянын күн тартибинде билим берүүдөгү санариптик өзгөрүүлөр, мугалимдердин санариптик компетентүүлүктөүн калыптандыруу, билим берүү тармагындагы изилдөөлөр, алдыңкы тажрыйбалар жана инновациялар талкууланат. Конференциянын программасында 8 тематикалык сессия, 35 баяндамачы, 2 ачык лекция, тренинг жана мастер-класстар кирет.

Конференцияга офлайн форматта 168 адам жана онлайн  60 адам катышууда. Катышуучулар Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Улуу Британия, Канада, Хорватия жана Эквадор ж.б. Өлкөлөрдөн болду.

Санариптик билим берүү демилгелеринин галереясында 11 өнөктөш уюм өздөрүнүн санариптүү билим берүү иштелмелерин жана демилгелерин сунуштады. Санариптик педагогика лабораториясы Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 60 мектеп мугалимдери үчүн санариптик инструменттер жана электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу боюнча 11 практикалык сессия өткөрдү.

Image

Биз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Борбордук Азиядагы Америка университетинин, мамлекеттик өнөктөштөрдүн, анын ичинде Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу институтунун, илимий уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке фонддордун колдоосун жогору баалайбыз. Мугалимдердин онлайн мектеби MUGALIM, KG-Analytics интеллектуалдык фонду, Креатив-Таалим мектеби, Кыргыз интернет коомчулугу жана башкалардын аракеттери биздин өлкөдө билим берүү системасын өнүктүрүүгө, билим сапатын жогорулатууга жана билимдин жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Монголиядан, Тажикстандан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн келген катышуучуларга конференцияга кызыгып, санариптик өзгөрүүлөр тууралуу тажрыйбасын чагылдырган кызыктуу баяндамалары, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана изилдөөлөрүнүн натыйжалары үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

“Санариптештирүү доорундагы билим берүү стратегиялары жана инновациялары” эл аралык конференциясынын резолюциясы

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАРЫ

Конференцияда 8 тематикалык сессия болуп, 35 спикер билим берүүдөгү санариптик трансформация, мугалимдердин санариптик компетенцияларын калыптандыруу, билим берүү тармагындагы изилдөөлөр, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды талкуулоо маселелери боюнча сөз сүйлөдү.

4-ОКТЯБРЬ. КОНФЕРЕНЦИЯ АЛДЫНДАГЫ КҮН

11:00 - 12:30
"ОКУТУУ ЖАНА ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН САНАРИПТИК КУРАЛДАР" ТРЕНИНГИ410 ауд.

Данияр Карабаев, “Эркин көркөм өнөр жана билимдер” багытынын улук окутуучусу жана жетекчиси жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Жалпы билим берүү программалары” боюнча улук окутуучусу Айжамал Сарыбаева. Тренинг мугалимдерге жана магистранттарга арналат.

13:45 - 14:45
АЧЫК ЛЕКЦИЯ "САНАРИПТҮҮ КЕЛЕЧЕК? ВИРТУАЛДЫК
АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ЖАНА БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ
ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН КЕЛЕЧЕГИ"
410 ауд.

Эмма Сабзалиева, PhD., ЮНЕСКОнун Латын Америкасы жана Кариб деңизиндеги жогорку билим берүү боюнча эл аралык институтунун (ЮНЕСКО IESALC) Жогорку билим берүүнү изилдөө жана саясатты талдоо бөлүмүнүн башчысы.

15:00 - 16:30
ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЛЕКЦИЯ "САНАРИПТҮҮ
ПЕДАГОГИКА – КОРКПОЙ КОЛДОНУУ"
410 ауд.

Ангелина Попова, Ph.D, БААУнун Окутуу, үйрөтүү жана технологиялар борборунун директору. Лекция окутуучулар жана магистранттар үчүн кызыктуу болот.

5-ОКТЯБРЬ. БИРИНЧИ КҮН

10:00 – 10:30
КОНФЕРЕНЦИЯНЫН АЧЫЛЫШЫ. КАТЫШУУЧУЛАРДЫ ТОСУП АЛУУ.конференц-зал
  • Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
  • Сангай Жамтшо, KIX IDRC программасынын улук жетекчиси, Канада
  • Нургуль Укуева, Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) академиялык иштер боюнча вице-президенти
10:30 – 12:00
СЕССИЯ 1. COVID-19га КАРАТА КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАР:
БОРБОРДУК АЗИЯ АЙМАГЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫН
ӨРКҮНДӨТҮҮ ҮЧҮН АЛГАН САБАКТАР
конференц-зал

Модератор: Жаңыл Бөкөнбаева, т.и.к., KIX Улуттук комитетинин Кыргызстандагы координатору

  • Уланбек Мамбетакунов, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары "Кыргызстандын санариптик экосистемасындагы билим берүүнү трансформациялоо: чакырыктар жана стратегиялар"

  • Алмазбек Токтомаметов, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору "Кыргызстандагы мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасында МКТ компетенттүүлүгүн калыптандыруу"

  • Цэрмаа Тодгэрэл, Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигинин  Билим берүү маалымат технологиялары борборунун директору "Монголиядагы билим берүүнү санариптик трансформациялоо"

  • Алима ИбрашеваАкадемиялык маселелер боюнча башкаруунун төрагасынын орун басары, «Өрлеу» кесипкөйлүктү жогорулатуу улуттук борбору, (Казакстан)  "Казакстанда мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүндөгү ыкмаларды жана мазмунду жаңылоо"

 
13:30 – 15:00
СЕССИЯ 2. САНАРИПТҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ:
ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРЛОР ЖАНА ДЕМИЛГЕЛЕР
конференц-зал

Модератор: Чынара Өмүркулова, «Таалим-Форум» КФнун мониторинг, баалоо жана окутуу боюнча кеңешчиси

  • Айсулу Сулайманова, ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан боюнча Алматыдагы Кластердик бюросунун Билим берүү программасынын адиси, "Мугалимдердин МКТ боюнча көндүмдөрүн саясат жана практика деңгээлинде бекемдөө"
  • Нургүл Токтогулова USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун үйрөтүү жана окутуу тренингдери боюнча директору "Санарипке өтүү: башталгыч класстардын мугалимдеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуунун сапатын узак мөөнөткө жакшыртуунун мүмкүнчүлүктөрү"
  • Доранбек Алимбаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  ишке ашыруу бөлүмүнүн IT координатору "Келечек үчүн билим берүү" долбоору"
 
15:30 – 16:30
АЧЫК ЛЕКЦИЯконференц-зал

Дуйшон Шаматов, Ph.D., Назарбаев атындагы университеттин Жогорку билим берүү мектебинин профессору "Кыргызстандагы COVID-19 пандемия учурундагы билим берүү демилгелеринен алган сабактар: мындан ары эмне кылуу зарыл?"

6-ОКТЯБРЬ. ЭКИНЧИ КҮН

09:00 – 10:30
СЕССИЯ 3. МЕКТЕПТЕГИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН
КАМСЫЗ КЫЛУУДА ПЕДАГОГДОРДУН САНАРИПТҮҮ
КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫН ТҮПТӨӨ
410 ауд.

Модератор: Гульнара Ботоканова, философия илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

  • Жолдошбек Мокешов, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, Досаалы Иманбердиев, Ph.D, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети "И.Арабаев атындагы КМУда ишке ашырылып жаткан педагогикалык багыттагы студенттер үчүн билим берүү программаларын, МКТ компетенцияларды талдоо"

  • Айгуль Абдукаримова, экономика илимдеринин кандидаты, доцент; Жылдыз Асекова, педагогика илимдеринин кандидаты, Борбордук Азия Эл аралык университетинин (БАЭАУ) доценти "Мектеп мугалимдеринин санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө кошумча кесиптик билим берүүнүн ролу жөнүндө (Кыргызстандын мисалында)"

  • Канышай Нурдинова, философия илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти "Онлайн окутуу: коркунучпу же жаңы мүмкүнчүлүкпү?"

  • Алтынай Бекмырзаева , К.Карасаев атындагы БМУнун окутуучусу "Башталгыч класстын болочок мугалимдеринин коммуникативдик компетенттүүлүгүн калыптандыруунун психологиялык-педагогикалык негиздери"

  • Таштанбай Сартов, техника илимдеринин кандидаты, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин профессору.  "Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин МКТ компетенциялары жаатындагы кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстарынын билим берүү программаларын талдоо"

 
09:00 – 10:30
СЕССИЯ 4. БИЛИМ БЕРҮҮНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ:
АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР
конференц-зал

Модератор: Алмагүл Осмонова, «Таалим-Форум» КФнун директору

  • Азиз Солтобаев, «Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» бейөкмөт уюмунун тең негиздөөчүсү "Санариптик педагогика жана окутуу ililmboxтун мисалында"

  • Санжаабадам Сед (Sanjaabadam Sed), Монголия улуттук билим берүүнү изилдөө институтунун окумуштуу катчысы  "Пандемия учурунда Монголиядагы мектеп билим берүүсүндөгү телесабактар ​​жана натыйжалар"

  • Жылдыз Абдыракунова , К.Карасаев атындагы БМУнун доценти "Билим берүү системасындагы мугалимдин инновациялык ишмердүүлүгү"

  • Татьяна Лапшина, педагогика илимдеринин кандидаты, «Устатшакирт» борборунун билим берүү программаларынын методисти "Умтул драма лабораториясы" - өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы

  • Мадина Самакбаева, «Тэкайым» коомдук фондунун төрайымы, Кыргызстандагы Хан Академиясынын (Khan Academy) расмий өкүлү, БААУнун Инновациялык колледжинин окутуучусу "Ар бир адам үчүн жеткиликтүү билим: Кыргызстан үчүн Khan Academy ачык билим берүү ресурсу"

11:00 – 12:30
СЕССИЯ 5. COVID - 19 ЖАНА МУГАЛИМДЕРДИН
КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ӨРКҮНДӨТҮҮ: ДЕМИЛГЕЛЕР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР
410 ауд.

Модератор: Айсулуу Жамангулова, "MUGALIM" онлайн мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири

  • Айсулуу Жамангулова, "MUGALIM" онлайн мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири "«Мугалим» курстарынын тажрыйбасы боюнча мугалимдин МКТ компетенттүүлүгүн калыптандыруу"

  • Асылбек Мадалиев, "Санарип Мугалим" билим берүү борборунун негиздөөчүсү "Санарип Мугалим: Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мугалимдерди санариптүү технологияларды колдонууга үйрөтүү тажрыйбасынан"

  • Асылбеков Казыбек, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу   Эсенгулович "Мектептерди башкарууну децентрализациялоо - учурдун талабы!"

  • Туратбек кызы Чынара, Борбордук Азия Университети (БАУ), билим берүү боюнча дизайнер, MUGALIM коомунун тең негиздөөчүсү "Санариптик чөйрөдө окутууну жакшыртуунун ыкмалары"
 
11:00 – 12:30
СЕССИЯ 6. КЫРГЫЗСТАН, ТАЖИКСТАН
ЖАНА МОНГОЛИЯДАГЫ ТАЛАА ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНҮН
ТЕМАТИКАЛЫК ОКУЯЛАРЫ
конференц- зал

Модератор: Жылдыз Доолбекова, тарых илимдеринин кандидаты, «Таалим-Форум» КФ, долбоордун жетекчиси

  • Шодибег Кодиров, Тажикстан Республикасындагы KIXтин улуттук координатору "Тажикстанда билим алуу мүмкүнчүлүгү: ийгиликтер жана жашыруун факторлор"

  • Чынара Өмүркулова, мониторинг жана баалоо боюнча кеңешчи "Гендердик теңсиздик жана анын Кыргызстандагы, Монголиядагы жана Тажикстандагы кыздар менен балдардын билим алуусуна тийгизген таасири"

  • Тунгалагтуя Кхуухендуу, NNC директору, KIX Улуттук комитетинин Монголиядагы мүчөсү "Сапаттуу изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары: Монголиядан алынган кейстер"

  • Абдувохид Сафаров, «Анахита» уюмунун директору, Джовидшо Джураев, социолог-изилдөөчү  "Билимге жетүүдөгү аялуу катмарлардын мисалдары: Тажикстандагы кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр"

 
14:00 – 15:30
СЕССИЯ 7. ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН
ИЗИЛДӨӨНҮН МААЛЫМАТТАРЫ
конференц-зал

Модератор: Эмма Сабзалиева, Ph.D, эл аралык кеңешчи

  • Гүлнара Каликова, «KG Analytics» коомдук фондунун байкоочу кеңешинин төрайымы "Кыргызстандагы билим берүү боюнча изилдөөлөр: муну ким кылат жана алар кимге керек?"

  • Назик Иманбекова, изилдөөчү, программалардын координатору, Эл аралык республикалык институт; Чолпон Узакбаева «Маалыматтар мектеби» коомдук фондунун тең негиздөөчүсү, долбоордун менеджери  "Мен мектепке кайра баргым келет!"

  • Гүлнара Ибраева, соц.и.к., ПИЛ изилдөө компаниясы, Мехригүл Аблезова, социология магистри, БААУ/ ПИЛ изилдөө компаниясы "Кыргыз Республикасында, Монголияда жана Тажикстан Республикасында сапаттуу аралыктан окутууну ишке ашыруудагы түзүмдүк жана ченемдик тоскоолдуктар: сапаттуу изилдөө тажрыйбасы"

  • Ива Перкович (Iva Perković), Билим берүү саясаты борборлорунун тармагы (NEPC). "Пандемияга байланыштуу билим берүү чакырыктарына системалуу жооптордун картасын түзүү"

  • Батцецег Семджаан, Монголиянын Улуттук билим берүү университети  "COVID-19 учурундагы билим берүү изилдөөлөрү: Монголиядагы кырдаал"

14:00 – 15:30
СЕССИЯ 8. САНАРИПТЕШТИРҮҮ ШАРТЫНДА МУГАЛИМДИН
ӨЗГӨРҮЛГӨН РОЛУ ФОРМАТЫ – ТЕГЕРЕК СТОЛ
410 ауд

Модератор: Дүйшөн Шаматов, Ph.D, Назарбаев атындагы университеттин НУЖМнин профессору

Талкуулана турган маселелер:: 

  • Санарип мугалим: ал кандай компетенцияларга ээ болушу керек?
  • Билим берүүнү санариптештирүү доорундагы мектеп мугалиминин ролу кандай?
  • Окуучунун кандай көндүмдөрүн жана инсандык шык-жөндөмдөрүн калыптандыруу керек?

САНАРИП ПЕДАГОГИКА ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Кыргызстандын ар түрдүү аймактарынан,  60 мектептен келген мугалим педагогикалык дизайн боюнча 11 практикалык сессияга катышып, аралыктан окутууда колдонула турган, салттуу жана аралаш форматтардагы  пайдалуу ресурстар жана инструменттер менен таанышышты. Ошондой эле педагогикалык жана методикалык рефлексияларга “Ачык лекцияларга”, “Кереге кеңештерге” катышып, тажрыйба алмашышты.

МАСТЕР КЛАССТАРДЫН ТЕМАЛАРЫ

САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРИНИН ГАЛЕРЕЯСЫ

Галереяда ар кандай жергиликтүү жана эл аралык уюмдар кеңири аудиторияга, калктын ар кандай топторуна, анын ичинде мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге жана мектеп жетекчилерине санариптик компетенттүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча билим берүү демилгелерин, долбоорлорун жана иштелмелерин  тартуулашты. Иштелип чыккан билим берүү ыкмалары жана программалары МКТны колдонуу менен окутууга, билимди жана көндүмдөрдү тереңдетүүгө арналган. 

Конференциянын өнөктөштөрү

моин
ауца
рипк
устат шакирт
мугалим
фон отунбаевой
Креатив-Таалим
ISOC
codify
Techaim
sanarip
kundoluk

Конференция тууралуу

Подкаст. “Кыргыз интернет коому бөлүмү”https://www.youtube.com/watch?v=Hc_g_GND8t4

Пост-релиз.Билим берүү маалымат технологиялары борбору, Монголиянын Билим берүү жана илим министрлиги

 https://itc.edu.mn/?p=11157

Пост-релиз. Марал радио  https://maralfm.kg/archives/602341

Пост-релиз.  Борбордук Азиядагы Америка университети https://www.auca.kg/ru/auca_news/5302/

Пресс релиз: Борбордук Азиядагы Америка университети https://www.auca.kg/ru/auca_news/5292/

Пресс релиз: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги https://edu.gov.kg/posts/879/?fbclid=IwAR2hYAdWYJotuNo2oI_mxRAgv0h8gU4kSGCLj5INIexCBO7QUEx9M_VlCNM

https://www.instagram.com/p/Ci2PemgIlaK/utm_source=ig_web_copy_link

https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02g6DkFhZGUHx1KVNmC5xucKPqpS5L8gA6if3NjBvYqnmYrMr1CPsDyXNYzxEmDyxRl&id=100064912594912&paipv=0&eav=AfYYJdXpYSmBRnqLe5NLy-f-azw1GFi8sR5OtvZl-NQwU-7TFwr8225V7Rl7jZurPmw&_rdr

Пресс релиз: Мугалим онлайн мектеби https://www.instagram.com/p/Ci2D_MzKFlq/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2025 "Таалим-Форум" коомдук фонду