“СЫНАК - МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ЧЕКСИЗ ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕДИ”

Нурдан ЭШИМКАНОВ - 2020-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Санариптик педагогика” аттуу республикалык сынактын жеңүүчүсү. Кыргызстандагы мектептердин эң жаш мүдүрлөрүнүн бири

АЛГАЧКЫ ТҮЙШӨЛҮҮЛӨР

Дүйнөлүк апаатка байланыштуу башталган карантиндин алгачкы күндөрү Нурдан Эшимканов ар кандай ой-толгоолордун басындысында калган. Башка мугалимдер сыяктуу эле, аны да мугалимдик жоопкерчиликтин түйшөлүүсү чырмаган.

Карантин биз үчүн өтө күтүүсүз жагдай болгондуктан, ушул кырдаалдан өзүмдү жана окуучуларымды кантип уюштуруп чыгып кете алам деп катуу ойлонуп-толгонгон элем. Биз, мугалимдер, башыбызга түшкөн мындай көрүнүшкө таптакыр даяр эмес  болчубуз. Окуучулар менен жандуу маек куруусуз, пикир алмашуусуз, талкуулоосуз кантип эффективдүү сабакка жетише алмак элек деген маселе менин оюман кетпей туруп алды. Ал убакта ватсап менен телеграмды гана колдончу элек. Ошондуктан, мындан ары кантип иштейбиз, сабакты аралыктан жеткиликтүү кылыш үчүн кандай ыкмаларды колдонобуз деп издендим. Мурда видеоконференциялардын платформаларын көрүп жүргөндүктөн, алгачкы жеке аракетимди ошол тууралуу окуп-билүүдөн баштагам

Жаңы каалгалардын ачылышы

Image
Image

Республикалык сынактын шарты боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги видеосабактарды мазмунуна, логикалуу жана таасирдүү жасалышына, анын актуалдуулугуна, сүрөттөрдү, анимацияны, инфографиканы,  схемаларды жана башка ушул сыяктуулардын колдонулушуна карата баа беришерин жарыялаган.

Ошондой эле, сынактын катышуучуларына окуучулар менен болгон кайтарым байланыштын механизмдери да милдеттендирилген.

2020-жылдын май айында өткөн “Санариптик педагогика” сынагынын шарты боюнча, ал жакка 6 видеосабагымды жибергем. Баарын тең изденүү менен даярдаганымдан улам, бул сабактар мага чоң тажрыйбаны, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана билим берүү усулунун жаңы каалгаларын ачып берди десем болот. Дегеле, мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин ушул сынак дагы да далилдеди. 6 сабакты 6 башка багытта даярдай алганым - өзүмө чоң чакырык болду! Бул нерседен ийгиликтүү өткөнүм чоң мотивацияны, шыкты тартуулады.  

Видеосабактарды кандайча жасоо керектиги боюнча алгач түшүнүгүм жок болсо да, өз алдымча издене баштадым. Бир айлык мөөнөтүм бар эле. Анын 10 күндөйү программаны тандоого кеткен. Убакыттын көбү сабактын мазмунун, берүү ыкмасын жана форматын табууга, түзүүгө жумшалды. Талаптагыдай видеосабактарды буга чейин жасап көрбөгөндүктөн, тиешелүү адистерден суроолорума жооп алып, улам изденип, билбегенимди улам үйрөнүп баштаган элем.

Артка кылчайып көрүп, албетте ал видеосабактарымды азыр сын көз менен карайм. Тагыраак айтканда, кийинкилерин жасаганда эми видеонун дизайнына, өң-түстөрүнө, шрифттерине көңүл буруп калдым. Негизи, сынакка катышкан 6 сабак техникалык жасалышы жагынан аксаса да, маани-мазмуну, форматы жагынан сынактын талаптарына жооп берген. Жеңишке жетишкенинин себеби ошондонбу деп ойлойм

“Анын өзгөчөлүгү – элдик педагогиканы колдоно билгендиги”

Мугалимдик кесиптин ысык-суугун чогуу тартышкан кесиптештери да, мезгилдин тизгинин бирге кармашкан жетекчилери да Нурдан Эшимкановду мыкты педагог катары баалап келишет. Ал эми анын видеосабактары окуучулардын гана эмес, ата-энелердин да кызыгууларын жараткан.

Мен мындай деп айтып калам, “Математиктерди көп сүйлөйт деп айтасыңар. Бирок математиктер өздөрү да сүйлөп, окуучулардын да сүйлөө жөндөмүн өстүрөт” деп.  Чындыгында эле ушундай. Мыкты математик эсептерди, маселелерди чыгарып жатып өзү сүйлөп, эсеп чыгарып жаткан окуучуну да сүйлөтөт. Негизи окуучу эсепти сүйлөп чыгарыш керек. Нурдан Кырманбекович мына ошондой мыкты математиктердин бири. Ал видеосабактары аркылуу гана эмес, күнүмдүк сабактарында да балдардын ой жоруусуна, сөз байлыктарына оң таасирди тийгизип турат.

Аны окуучу кезинен бери билем. Мыкты окуган окуучулардын бири эле. Мен да математик болгондуктан, кийин ал мектепке жаңы келип иштей баштаганында сабак берүү ыкмасын көрүп алып өтө баалагам. Буга чейинки жылдарда, райондук Билим берүү бөлүмү Нурдан Кырманбековичтин райондук деңгээлдеги эксперттик топторго, семинарларга, иш-чараларга кошуп жүрдүк. Бу да болсо анын мугалим катары тажрыйба топтоосуна жакшы жардамын берди деп ойлойм.

Республикалык деңгээлдеги конкурска катышканга чейин, карантин убагындагы анын башка ыкмадагы видеосабактары райондун кароо-сынагынан мыкты деп табылган. Райондон тандалган беш мугалимди облустук деңгээлдеги сынакка жиберген элек. Алардын ичинен үчөө алдыңкы орундарга ээ болгон. Эң мыктысы Нурдан Эшимкановдун сабагы деп бааланып, ошондон соң республикалык деңгээлдеги сынакка жолдомо алган.

Онлайн учурунда окуучулар анын видеосабактарына кызыгуу менен катышышты. Нурдан Кырманбековичтин сабактарындагы өзгөчөлүк  - элдик педагогиканы жакшы колдоно билгендигинде. Мисалы, оймо-чиймелердин географиялык маанилерин түшүндүргөн сабактары болгон. Ал өзүнүн предметин жакшы билген, аны жеңил жана жеткиликтүү кылып өткөрө алган, жөнөкөй тил менен жеткизген педагог. Учурда мектептин мүдүрү катары да табышкерлик менен иштеп жатат. 

2020-жылы КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Санариптик педагогика” сынагынын Жобосуна ылайык, Нурдан Кырманбековичтин видеосабактары бардык талаптарга жооп берген. Видеосабактары КРнын Билим берүү стандартына жана предметтик стандарттардын негизинде түзүлгөн. Хронометраж боюнча 25 минутадан ашкан эмес; өлчөмү Full HD (1920x1080); формат mp4 деген талаптар так коюлган. Анын видеосабактары бири-бирине окшош эмес. Ар кандай программалар менен жасалган. Мугалимдин видеосабактарындагы үн коштоосу уккулуктуу, жагымдуу, көрүп жаткан адамды тажатпай, абдан кызыктуу даярдалган.

Пандемия мезгилинде санариптик билим берүү же болбосо аралыктан окутуу деген түшүнүктөрдү жаңыдан гана иш тажрыйбаларына киргизип келе жатышкан мугалимдерге оор эле болду деп айтсам жаңылышпайм.  Бирок, Билим берүү жана илим министрлиги ар кандай онлайн окууларды, вебинарларды  уюштуруп, туура багыт берип жатты. Мугалимдер ал жерден санариптик билим берүү боюнча өз билимдерин тереңдетүү менен  аралыктан окутуу боюнча түзүлгөн жагдайдын оорчулугунан чыгып кете алышты. Жөн гана чыкпастан, зор ийгиликтерди да жараткандары кубандырат.

Нурдан Кырманбекович сынакка катышкан видеосабактарындагы мисалдарына биздин айылдын жашоо-турмушун чагылдырганы балдар үчүн таасирлүү болду. Айылыбыз Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жайгашкандыктан, бизде жайкысын көп коттедждер, ашканалар иштейт. Агай сабактарынын бирине мына ошол мезгилди камтып, эс алуучулар үчүн курула турган боз үйдүн аянты канча болуш керек, берилген аянтка боз үйдөн канчоо батат деген маселени бергенде, окуучуларга бул кадимкидей чоң кызыгууну жаратты. Алар бул сабакта боз үйдүн айланасынын радиусун табыш үчүн дилгирленип иштешти.

Биздин мектептин математик, физик, информатик мугалимдери 2021-жылдын февраль айында Каракол шаарына барып, облустук деңгээлдеги жогорулатуу курсуна катышкан элек. Ошондо онлайн сабактарынын жыйынтыгы боюнча семинар өтүп, тажрыйба бөлүшүү жагынан алганда облустун ар тарабынан келген математиктердин көбү агайдын ошол видеосабагын макташып, андан пайдалуу тажрыйбаны алдык деп кетишкен.

Нурдан Кырманбекович күчтүү математик. Ал мектептин программасы менен гана чектелбей, дайыма изденүү менен иштегени бизге үлгү. Ишине, ар бир маселеге так жүрөт. Жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Андан көп кеңеш сурайбыз. Бир нерсе боюнча чечим чыгарарда аябай ойлонуп, таразалайт. Шак эле жооп берип айтып салбайт.  

Мен физик мугалими болгондуктан, экөөбүздүн  усулдук бирикмебиз бир. Мектепте өткөн иш-чараларда, ачык сабактарда, декадаларда физик, математик, информатиктер чогуу болгонубуздан улам, анын сабактары дайыма өзгөчө өтөрүн билем. Биз анын мурдагы мугалими болсок да, анын өткөргөн ачык сабактарынан, сабакка байланышкан иш-чараларынан көп нерсени үйрөндүк. Ачык сабак болбосо да, Нурдан Кырманбекович күнүмдүк мындай сабактардын кайсынысын кайсы класска бербесин, баардыгы абдан кызыктуу өтөт. Ошондой эле, конференциялык сабактарды, долбоордук сабактарды жана оюн сабактарын өткөрүп турат.  

Ал биздин мектепке келгенден тарта, окуучулардын математикага болгон кызыгуулары артты. Мунун башкы себеби, математика сабагын турмуш менен байланыштырганында. Мисалы, үйүңөргө боз үй же бассейн салгыңар келсе, канча кум, канча цемент кетерин эсептеп келгиле деп, балдардын көңүлүн кызыктуу эсептөөнүн ыкмасына бурат. Окуучулары дайыма облустук олимпиадаларда алдыңкы орундарга чыгып жүрүшөт.

Физикада да математика колдонулгандыктан, кээде Нурдан Кырманбековичтен  жардам сурайм. Сабагымдын ушул темасын өзүңүздүн жөнөкөй тилиңиз менен окуучуларыма түшүндүрүп бересизби деп. Анткени анын түшүндүрүү ыкмасы таптакыр башкача. Ал жеткиликтүү тил менен, башкача бир мисалдар менен майдалап айтат. Адатта математиканы оор сабак деп айтышат. Бирок, “мугалим оор нерсени жөнөкөй кылуучу адам” деп өзү айткандай, Нурдан Кырманбекович математиканы жеңил үйрөнсө боло турганын өз ыкмасы менен далилдей алган күчтүү мугалим. 

Нурдан Кырманбекович мектепте окуп жүргөн кезинде эле облустук олимпиадаларга катышып, география, математика сабактарынан жеңүүчү болуп жүргөн мыкты окуучу болучу. Азыр ал биздин жамаатта жаш, креативдүү ой жүгүрткөн, изденүүсү күч мугалим болгондуктан, биз, кесиптештери андан жаңычыл ыкмалар боюнча жардам сурап турабыз.

Мектеп-гимназияда менин уулум жана кызым окуйт. Аралыктан окуу учурунда Нурдан Кырманбековичтин мугалимдер арасындагы республикалык конкурстан жеңүүчү болуп чыкканын угуп, ата-энелер да аябай сыймыктандык. Себеби дегенде, Нурдан Кырманбекович биздин балдарыбызга билимди сапаттуу жана таасирлүү кылып жеткизип, алардын ой дүйнөсүнүн тереңдешине, дүйнө таанымынын кеңейишине жана келечекке болгон умтулуусуна чоң түрткү берип келет. Анын сабак берүүдөгү түшүндүрүү ыкмасы жеке өзүнө гана тиешелүү өзгөчө бир башкача ыкма. Сабакка байланыштуу келтирилген мисалдары да кадыресе эле турмуш-тиричиликке байланышкан көрүнүштөрдөн, тарыхтагы белгилүү нерселерден же фольклордук чыгармалардан алынат. Конкурстан утушка ээ болгон видеосабактарына макал-лакаптардан, жомоктордогу сөздөрдөн кошуп, аларды анан сүрөттөр, көркөм чагылдыруулар менен коштогон эле. Мунун өзү окуучулардын эсинде образдардын сакталып калышына, сабактагы эсептерди эске тутуп калууларына жакшы өбөлгө болгон. Менин уулум кичине кезинен бери математиканы Нурдан Кырманбековичтен окуп, азыр бул сабакты абдан жакшы өздөштүрүүгө жетишкен учуру.

Биз ата-эне катары Нурдан мырзанын сабактарына катышкан учурларыбыз болот. Баа бергенибиз, сабак башталгандан бүткөнгө чейин орундугуна отурбай, досканын жанында гана туруп, эсептерди жөнөкөй, жалпак тил менен майдалап жеткирет. Ал өзүнүн предметине да, окуучуларына да өтө кылдат, аяр мамиле жасайт. Түшүндүрүп жатканда класстагы окуучулардын ар бирин карап, айтылган сөздү көңүл буруп угуп жатабы деп байкап турат. Биз ата-энелер аны сабак берүү ыкмасы үчүн гана баалабастан, анын адамдык сапаттарын, балдар менен иштешүүдөгү токтоо мүнөзүн, тартипти кармай алганын жана мектептин мүдүрү катары жетекчилик кызматты жакшы алып кетип жатканын да өзгөчө баалайбыз.

Нурдан агай 20 мүнөт бою ыр аркылуу берген видеосабагында "Айлана" жана "Тегерек" темаларын абдан түшүнүктүү кылып берген. Мага бул сабак өзгөчө жаккан. Видеону көргөн ар бир кишиге андагы уйкашкан ыр саптары теманы жеткиликтүү кылып берет деп ойлойм.

Ал эми “Процент" темасын кеңири түшүндүрүп берген видеосабагында "Эгемен Кыргызстан" өлкөсүн мисал келтирип түшүндүргөнү мага өзгөчө таасир берди. Келечекте чындыгында эле ошондой өлкө болорубузга ишенем.

Үнсүз сабак видеосабагы. Мында мага жакканы - эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдемени жөн гана эсеп катары экранга чагылдырып койбостон, чыныгы жашоодо болгондой сюжет аркылуу чагылдырып, кандай чыгаруу керектигин өз ыкмасы менен үйрөтүп берди.  

Дагы бир видеосабагында темаларды жалгыз өзү түшүндүрбөстөн, “Арипов Санарип” аттуу көмөкчү каарманды колдонгон. Каарман аркылуу бергени теманы жеткиликтүү гана кылбастан, тасма көргөндөй кызыктуу болуп, окуучулар ал сабакты өтө дилгирленип уктук. 

Нурдан агай “Айлананын узундугу, тегеректин аянты” деген видеосабагын ыр саптары аркылуу түшүндүрүп бергени катуу таасир калтырды. Ыр саптары дайыма эле уккан кишиге түшүнүктүү боло бербейт деп ойлойм. Бирок агайдын ыр менен айткан сабагы тескерисинче бизге таасирлүү жана түшүнүктүү болду. Ыр аркылуу биз айлананын узундугунун жана тегеректин аянттарынын формулаларын, ал формулалардын келип чыгыш тарыхын жана айлана менен тегеректин аянттарын чыгарууну үйрөндүк. 

Карантин учурунда онлайн окуп жүрүп, башка ыкмаларга караганда ушундай видеосабактар окуучуларга жеткиликтүү жана кызыктуу болорун түшүндүк. Онлайн учурунда бизге жаккан дагы бир нерсе, эгер салттуу окууда биз тапшырманы мындай эле оозеки түрүндө айтып берсек, карантин убагында тапшырмаларды видео түрүндө өзүбүз жасап аткаргандык болду. Мындай ыкма менен иштөөдө сабакты тереңирээк билип, видеонун өзүн жасоо да көңүлүбүзгө жагымдуу болору баарыбызга жакты.

Н.Эшимканов 5 жашында мектеп босогосун аттап, 16 жашында университеттин 1-курсуна кирген. Анын мугалимдик эмгек жолу 18 жашында, Бишкектеги №18 орто мектебинен башталган. 2013-жылы ал туулуп-өскөн Тамчы айылына келип, өзү окуган мектепте иштеп калган. 

Ата-энелердин жана жаштардын демилгеси, колдоосу менен, 2020-жылдын октябрь айында Нурдан Эшимканов Тамчы айылынын мектеп-гимназиясынын мүдүрлүк кызматына келген. Азыр ал 34 жашта.

Даярдаган: Салтанат КЫДЫРМАЕВА

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду