«КЫРГЫЗСТАНДАГЫ COVID-19 УЧУРУНДА ОНЛАЙН МЕКТЕП ПЛАТФОРМАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ»
Арадан бир жылдан ашуун убакыт өтсө дагы өлкөбүзгө күтүүсүздөн кирген «КАРАНТИН» дагы деле элдин эсинде…
2020-жылы COVID-19 оорусунун күч алышынан өлкө карантинге жабылып, Билим берүү министрлиги чукул чара көрүү менен билим берүү системасын онлайн окутууга өткөрдү. Буга чейин анчейин тааныш болбогон «Онлайн билим берүү», «аралыктан окутуу», «вебинар», «видеопрезентация», «мультисабак», «видеоконференция», «ZOOM» ж.б. cөздөр коомчулукта кеңири кулачын жайды. Салттуу сабак өтүүгө көнүп калган мугалимдер онлайн билим берүүнү тынчсыздануу, кабатырлануу менен кабыл алышты. «Онлайн окутуу деген эмне», «аралыктан кантип билим беребиз», – деп биринин артынан бири суроолорго жооп таппай жүргөндө, «Мугалимдер көктөн издегенин, жерден тапкандай» сүйүнүштү. Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматов «Онлайн мектеп» платформасын негиздөөчүлөрдүн бири карантин маалында «Онлайн мектеп» платформасын иштеп чыгуу менен мугалимдерге алгачкы «ОНЛАЙН ОКУТУУ» деген түшүнүктү берген.
ОНЛАЙН ОКУТУУ
ОНЛАЙН ОКУТУУ - виртуалдуу класс порталына компьютер, планшет же чөнтөк телефон аркылуу кирип, сабак материалдарын жүктөп, окуучулар менен окуу байланышын жүргүзүү аркылуу сабак өткөрүп, тапшырма берип аларды кабыл алат. Окуучулар окуу порталдарына кирип, материалдар менен таанышат жана көнүгүүлөргө катышып, берилген тапшырманы аткарып кайра жүктөшөт. Окуучулар онлайн сабакка кайдан жана кайсыл учурда болсо да, интернет байланышы болсо эле кире алат.
Мен иштеген Назарбаев университетинде тажрыйбалуу адистер иштегендиктен, күтүүсүз кырдаалды кабыл алуу биз үчүн оңой болду. Биздин адистер билген нерселерин ортого салып ой бөлүшүштү, кайсыл программа менен иштөөгө, кандай платформаны колдонууга боло тургандыгы тууралуу сунуштарын беришти. Бир нече жылдан бери кесиптеш катары тыгыз кызматташып келе жаткан Кеңеш Сайназаров жана Асылбек Жооданбеков менен ветсаптан сүйлөшүп, биз үйрөнүп жаткан нерселердин баардыгын жөнөтүп, алар менен ой бөлүшүп турдум. Бир күнү «вебинарлар топтомун» алып чыксак кандай болот - деген идея пайда болду. Оюбузду ортого салып, ой бөлүштүк. Көпчүлүк бизди колдогондуктан ишти баштоо үчүн алгачкы планды түздүк.
Негизги максатыбыз: Билим берүү тармагына колубуздан келген жардамды берүү болду. Карантин маалында венибарларды түз эфирде уюштуруучулардын сап башында турдук. Коңшу өлкөлөрүбүз болгон Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан билим берүүгө анчейин көнүл бурган жок. Билим берүү министрлиги ыкчамдык менен ишти баштады. Биз да четте калбастан, идеябызды ишке ашыруу үчүн аракет кылдык.
2020-жылы 24-мартта алгачкы «Онлай сабак өтүүнүн методикалары» деген тема бир эле учурда фейсбуктан, ютубдан көрсөтүлдү. Түз эфирде катышуучулардын суроолоруна жооп берип, эфир бүткөндөн кийин сакталып калган эфирди карасак, 37 миң көрүүчү болгон экен. Бара-бара бул көрсөткүч 40 миңден ашты. Биздин баштаган ишибиз мугалимдер үчүн абдан чоң жаңылык болду. Издегенин тапкандай сүйүнүштү. Биринчи эфирде «эч убакта кыжалаттанып, коркпоңуздар, аракет кылыңыздар, ката кетирсеңиздер да кайталап, аракет кыла бериңиздер» - деп айткан сөзүбүз көптөгөн мугалимдерге дем берди. Эфир учурунда бир топ комментарийлер келди. Биринчи түз эфирге чыккандан кийин, коом биздин кийинки эфирди күтүп калды.
Экинчи темабыз «ЖОЖдордогу билим берүүгө» арналды. Окутууда кандай платформаларды колдонууга болот, канткенде студенттер менен кайтарым байланыш түзөбүз – деген суроолорго жооп бергенибизден кийин биздин көрүүчүлөрүбүз бир топ көбөйдү.
Биз өткөргөн 1-2 вебинардан кийин Кеңеш мырза мугалимдер методикалык колдоо көрсөтүүгө муктаж экен деп айтып калды. Бул демилгени дароо колго алдык. Атайын телеграммда жана фейсбукта «Онлайн мектеп» деген топ ачтык. Топко мугалимдер өздөрүнүн сабактарын жүктөшүп, бири-биринен кеңеш сурап, тажрыйбалар менен бөлүшүштү. Педагогикалык-методикалык жактан бири-бирине көмөк көрсөтүүдө мугалимдер үчүн түзүлгөн абдан мыкты ресурс болду десем болот.
Темаларды тандоо. Темаларды тандаганда кылдаттык менен жумушчу топтун жардамында Тынчтыкбек Жанадыл, Кеңеш Сайназаров, Асылбек Жооданбеков менен биргеликте түзүп жаттык. Биздин биринчи темабызга мектеп мугалимдери көбүрөөк катышса, кийинкисинде ЖОЖдордун окутуучулары катышып, алар үчүн абдан пайдалуу болду.
Үчүнчү тема боюнча 3-апрелде эфирге чыктык. Карантин учурунда үйдө отурган ата-энелерге, балдардын психологиясына багыттоо менен «Балдарды онлайн билим алуусуна ата-энелердин катышы жана колдоосу» деген теманы алдык. Теманы ачып берүүдө ата-энелерди конокко чакырдык. Ата-энелер балдарына мурда анчейин көңүл бурбаган болсо, эми кантип жардам берип жатышат, кандай шарттарды түзүп берди деген суроолордун үстүндө талкуу уюштурдук. Төртүнчү вебинарыбыз 11-апрелде болгон. «Канткенде бала өмүрүн сактап кала алабыз?» деген темада балдардын үйдө отуруп стресс болуусуна, чектөөлөрдөн улам кыйналганына, жан кыюуга чейин баруусу тууралуу уюштуруп, коом менен бирге талкууладык. Кеңеш берүү үчүн атайын психологдорду жана социалдык педагогдорду чакырдык. Угуучулардын суроолоруна жооп берип, талкуулар абдан кызуу болгон. Ар бир вебинарыбыздан кийин биздин каналга катталган адамдар көбөйгөнүн байкадык. Бирок биздин максат катталууну көбөйтүү же лайткы топтоо эмес болчу.
Бешинчи вебинар 20-майга туура келди. «Чет өлкөдөгү онлайн окутуудагы тажрыйбалар» деген темада атайын чет өлкөдө жүргөн окумуштуулардын, агартуучу-педагогдордун, мекендештерибиздин көз карашы менен чагылдырып бердик. Арадан бир топ убакыт өтүп 6-вебинарыбыз күзгө туш келди. Бул убакытта мугалимдер алда канча өздөштүрүп, бир топ жакшы иштерди жасап калышкан.
Алтынчы вебинарыбыз күзүндө башталды. 2020-жылы 5-ноябрда болду. Биз бул вебинарларга окуучуларды чакырдык. Социалдык тармактар аркылуу окуучуларды таап, онлайн окутууда эмнеден кыйналышты, кантип өздөштүрүштү, онлайн окутуунун кандай жакшы жактары бар - деген темада Кыргызстандын булуң-бурчунан келген окуучулар менен маектештик.
Жетинчи вебинарыбыз 6-ноябрда болду. Ата-энелер менен биргеликте вебинар уюштурдук. «Балдар онлайн окуутууну кандай кабыл алышты?» - деген теманын айланасында маек курдук. Тема аркылуу балдарынын келечегине, билим алуусуна кам көргөн, мыкты ата-энелер бар экендигине күбө болдук. Алардын сунуш-пикирлерине бир жагы суктанып, бир жагы ыраазы болуп, пайдалуу маалыматтарды ала алдык.
Сегизинчи вебинар 7-ноябрда болду. Окуучулар каникулда болгондуктан, мугалимдер үчүн уюштурдук. Бул учурда көптөгөн мугалимдер катышып, суроолорду берип, тажрыйба алмашып жатышты. «Баалоо» темасына багытталды. Окуучулардын нааразычылыгын да, атаандашуусун да жараткан баалоо деп атайын адистерди чакырып, талкуу жүргүздүк.
Декабрдын башында эл аралык тогузунчу жана онунчу вебинар болду. Казакстандагы Назарбаев атындагы интеллектуалдык мектепте мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү борбор бар. Акыркы вебинарда «Онлайн мектеп жана окуу программалардын борбору» деген темада Кыргызстан менен Казакстан адистери өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Казакстандын мугалимдери «Сабакты изилдөө» деген япониялык окумуштуулар аныктаган ыкманы презентация кылып беришти.
Менин байкаганым, мектеп мугалимдери аракетчил, чыгармачыл, жаратуучу келишет экен. Алар бири-бири менен байланышып, видео сабактарды жасап, социалдык тармактарга жүктөп, алгылыктуу иштерди аткарып жатышты. Бул ишти ЖОЖдордун мугалимдери бир аз четте туруп кабыл алышты. Пандемия учурундагы онлайн окутууда мектеп мугалимдери абдан жакшы иштерди жасады деп айтсак болот. ЖОЖдордогу айрым окутуучулар тилекке каршы, бир гана ветсап менен чектелип калышты.
Тажрыйба алмашууда бир гана Кыргызстан менен чектелип калбастан, темага жараша социалдык тармактардан, ар тараптан издедик. Аларды тапкандан кийин алдын ала сүйлөшүп, онлайн баарлашып, вебинарларда кемчилик кетпесин деп кылдаттык менен иш алпардык. Мисалы, Токтогулдан Елира Турдубаеваны, Казакстандан Нурлан Имангалиевди, Тынчтыкбек Жанадылды онлайн билим берүү боюнча тажрыйбалуу адистер катарында чакырдык. «Жогорку окуу жайларда окутуу боюнча тажрыйбалар жана табылгалар» деген темада Манас университетинин дистанттык окутуу боюнча жетекчиси Роза Абдыкулова, Борбордук Азия Университетинде бир топ жылдардан бери онлайн окутуунун өздөштүрүп, ишке ашырып келген, КББАнын ошол учурдагы президенти Алмазбек Токтомаметов, ОшМУда психология боюнча адис Акчач Жолдошева, Ысык-Көл областынын Саруу айылынын орто мектебиндеги социалдык педагог Акылай Кыдыева, Баткен районунан жаштар өкүлү Беделбай Орозалиев катышты.
2021-жылы жаз айында окуучуларды ЖРТга даярдоо боюнча вебинарларды уюштурдук. Окуучулар ЖРТга кантип катталышат, даярданууда эмнелерди эске алуу зарыл деген суроолорго жооп алуу үчүн атайын адистерди жана 2020-жылы ЖРТдан биринчи орунду ээлеген кызыбызды чакырып, башка окуучуларга тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк ачып бердик.
Аракеттен эмгек жаралат. Мектепте иштеген мугалимдердин аракеттери, изденүүсү, жаратмандыгы чындыгында бизди кубандырды. Санариптештирүүгө качан өтөбүз деп жүргөндө пандемияга байланыштуу капысынан өткөнүбүз мугалимердин маалыматтатык сабаттуулугун арттырды. Жаш мугалимдер гана эмес, тажрыйбалуу мугалимдер да бир нерсени үйрөнүү үчүн далалат кылышты. Жаш мугалимдер улуу муундагы мугалимдерге жардам берип, билбегенин үйрөтүп, тыгыз кызматташып иштешти. Көпчүлүк мугалимдер тайманбастан, коркпостон «мен дагы билгим келет» – деп аракет кылышты. Айрым мугалимдер атайын курстарга жазылып үйрөнүштү. «Мен баарын билем» деп туруп, бирок сурай келсең эч нерсени билбеген мугалимдер да кездешти.
Жумушчу топтор ЖОЖдор менен мектептерге «Онлайн окутуунун методикалары» деген колдонмолорду чыгарды. Бул Билим берүү министрлигинин бирден бир жетишкендиги болду. Борбор Азия боюнча башка республикаларга караганда Кыргызстанда онлайн окутуу боюнча мыкты иштер аткарылган.
«ОНЛАЙН МЕКТЕП» ПЛАТФОРМАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ - КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНА АДАПТАЦИЯЛАНГАНДЫГЫНДА
Онлайн окутуу көйгөйү айрыкча алыскы аймактарда курч эле. Себеби, интернет менен камсыз болуу, тиешелүү мультимедиалык каражаттардын жетишсиздиги эң башкысы мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин бул багытта сабатсыздыгы, психологиялык жактан даяр эместиги ыңгайсыздык жаратты. Бирок мугалимдер кыйын кырдаалда четте карап турбастан бар болгон аракеттерин жасашты.
Асылбеков Казыбек Эсенгулович Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мүдүрү. «Онлайн мектеп» платформасын алыскы аймакта колдонуучулардын бири.
Пандемиянын күтүүсүз башталышы билим берүү системасында онлайн окутууда тез чечим чыгарууга түрткү берди. Биздин мектеп республикадагы инновациялык 30 мектептин катарында иш алып барып жаткандыктан, бул багытка жаңыдан кадам таштаган элек. Онлайн платформалар боюнча мугалимдер жаңыдан маалымат алып, айрымдары практика жүзүндө пайдаланып да көрүшкөн. Бирок реалдуу онлайн окутуу башталганда көп көйгөйлөр жарала тургандыгын билдик. Кырдаалга жараша пландарды иштеп чыгып, окуучуларга онлайн билим берүү менен катар, Нарын районунун башка мектептерине дагы тажрыйба бөлүшүүнү туура деп таптык. Мындан сырткары Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектеби менен бирдикте Нарын жана Кочкор райондорунун мугалимдери үчүн телеграмм аркылуу тайпа түзүп, мугалимдердин МКТ боюнча суроолоруна колдон келишинче жооп берүүгө аракет кылдык.
Алыскы аймактарда интернет жок болгон учурлар болду. Биздин айылдан 20 км алыстыкта Кара-Үңкүр кыштагында 10дой түтүн эл жашайт. Алардын көбү ДЭУнун кызматкерлери. Кыштакта интернет эмес свет жок. Мүмкүнчүлүгү барлары балдарын туугандарына жиберип, калганы айылга келип мугалимдерден тапшырмаларды жазуу жүзүндө алып кетип жатышты.
Ар бир көйгөйлөр аркасынан бир катар ийгиликтер үчүн эшик ачылат. Пандемия билим сапатынын төмөндөшүнө алып келгени менен, бир катар жаңы көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн өбөлгө болду. Алсак, онлайн платформаларды пайдалануу, электрондук китепкананы, электрондук күндөлүктү колдонуу, окуучулар үчүн тапшырмалардын жаңыча формаларын тандап алуу сыяктуу бир катар мүмкүнчүлүктөргө жол ачылды. Билим алуу үчүн аралык чек эмес экендигин түшүнүштү. Мыкты мугалимдерди тандоо алардын сабактарына катышуу мүмкүнчүлүгү жаралды.
Дүйнө жүзүндө онлайн окутууга арналган бир топ платформалар сунушталды. Бирок ага карабастан, «Онлайн мектеп» платформасынын өзгөчөлүгү кыргыз педагогикасына адаптациялангандыктан пайдаланууга жеңил жана оңой болду.
ОНЛАЙН САБАК ӨТӨСҮҢӨР ДЕГЕН БИЗГЕ ООР ТИЙДИ
И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Абдуллаева Райхан Абдуллаевна билим берүү боюнча эксперт.
Онлайн окутуу тууралуу биринчи укканда баардыгыбызда кабатырлануу болду. Офлайн өтүп көнүп калгандыктан, онлайн сабак өтөсүңөр деген бизге оор тийди. Бирок ага карабастан мугалимдер аракетчил, дилгир, ийкемдүү адамдар болгондуктан, дароо өздөштүрүүгө аракет кылышты. Тез аранын ичинде айрымдары билгенин башкаларга үйрөтүүгө жетишти.
Онлайн окутуу жөнүндө ойлонуп, изденип жаткан учурубузда «Онлайн мектеп» платформасы тууралуу социалдык тармактар аркылуу билип калдык. Платформанын негиздөөчүлөрүнүн бири Казакстанда Назарбаев университетинде иштеп жаткан мекендешибиз, профессор Дүйшөн Шаматов экендигин укканда, биз дароо колдодук. Бир топ жылдан бери коңшу өлкөбүздө эмгектенип келсе да, билген тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендиги, өлкөбүз үчүн агартуучулардын бири катарында салым кошуп жаткандыгын биз кубануу менен кабыл алдык. Биз мындай окуу платформаларын тынымсыз пайдалануунун натыйжасында маалыматтарды угуп, методикалык жактан берген сунуштарын өз ишибизге пайдаланганга аракет кылдык.
Мугалимдерде жаңы көндүмдөр пайда болду. Компьютер, телефон менен иштөө көндүмдөрү, ар кандай программаларды өздөштүрүү, электрондук почта, интернетти туура пайдаланганды, видеопрезентацияларды, видеосабактарды, онлайн сабактарды жасоону, платформаларды кандай колдонуу, телесабактарга даярдануу менен бирге окуучулар менен иштөө көндүмдөрү калыптанды. Онлайн форматында окуучуларга кандай тапшырма берүү керек, окуучулардын үй тапшырмасын кантип текшерүү керек деген көйгөйлөрдүн үстүндө мугалимдер тынымсыз иштеп жатышты. Ошол маалда мугалимдер үчүн ыңгайлуу болгон платформаларда иштөөнү, видеолорду жүктөгөндү, окуучулардын үй тапшырмасын кантип текшерүү керектигин, тесттерди кабыл алууну мугалимдер дароо өздөштүрүп, окутууда пайдаланышты. Булар мугалимдер үчүн жаңы көндүм болуп калыптана баштады.
Маектешкен Мансапова Гулира