2022-жылдын 4-6-октябрында Бишкек шаарында «Таалим-Форум» коомдук фонду менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана  Борбордук Азиядагы Америка университети  биргелешип өткөргөн  «Санариптешүү доорундагы билим берүүнүн  стратегиялары жана инновациялары» аттуу эл аралык конференция болуп өттү.  

Конференцияга дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн, анын ичинде Монголиядан, Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Хорватиядан, Канададан, Индия жана башка мамлекеттерден 160тан ашык катышуучу офлайн форматта, 60тан ашыгы онлайн катышышты. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Монголиянын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүү маалыматтык технологиялар борборунун директору Цэрмаа Тодгэрэл, “«Өрлеу» Улуттук кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунун Башкармалыгынын төрагасынын окуу иштери боюнча орун басары Алима Ибрашева (Казакстан), KIX IDRC Азия боюнча программасынын улуу менеджери Сангай Жамтшо, KIX комитеттеринин Кыргызстандагы, Монголиядагы жана Тажикстандагы улуттук координаторлору, ошондой эле билим берүүнү санариптештирүү жана инновациялык стратегиялар боюнча изилдөөчүлөр, эксперттер, мугалимдер менен жетекчилер катышышты.

Конференцияда билим берүү тармагын санариптештирүү менен байланышкан маселелердин кеңири тармактары боюнча кесипкөйлүк диалогду кеңейтүү, улуттук билим берүү системаларындагы актуалдуу маселелерди чечүү, билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн стратегиялар менен инструменттерди аныктоо, инновациялык ыкмаларды, аралыктан окутуу технологияларын колдонуу жана ишке ашыруу боюнча билим жана тажрыйба алмашуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо аянтчасы болуп калды.

Конференцияда 8 тематикалык сессия болуп, 35 спикер билим берүүнү санарипке өткөрүү, мугалимдердин санариптик компетенцияларын калыптандыруу, билим берүү тармагындагы изилдөөлөрдү, алдыңкы тажрыйбаларды жана инновацияларды талкуулоо тууралуу пикирлерин айтышты. «Санариптештирүүнүн шартында мугалимдин ролунун өзгөрүшү» аттуу тегерек столго 40тан ашык мугалимдер жана мектеп жетекчилери катышты. Конференциянын жүрүшүндө ЮНЕСКОнун Латын Америкасы жана Кариб деңизиндеги эл аралык жогорку билим берүү институтунун (ЮНЕСКО IESALC, Канада) жогорку билим берүү тармагын изилдөө жана алдын ала божомолдоо бөлүмүнүн башчысы, доктор Эмма Сабзалиева жана Назарбаев университетинин (Казакстан) доценти, Доктор Дүйшөн Шаматов ачык лекцияларды өткөрүштү.

Жыйындын соңунда катышуучулар билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алышты. https://kix.taalimforum.kg/images/conference/conference-2022/Resolution-en.pdf

Эл аралык конференция «Таалим-Форум» коомдук фондунун (Кыргызстан) жетекчилиги менен үч уюмдун консорциуму аркылуу ишке ашырылып жаткан “Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор тууралуу маалымат: https://kix.taalimforum.kg/en/

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду