2022-жылдын октябрында «Таалим-Форум» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Борбордук Азиядагы Америка университи жана жергиликтүү уюмдар менен биргеликте Санариптик билим берүү демилгелеринин галереясын уюштурду. Жергиликтүү он эки уюм өздөрүнүн санариптик билим берүү боюнча иштелмелерин, программаларын, онлайн курстарын мектеп мугалимдери, окуучулар, ата-энелер, ошондой эле мектеп жетекчилери үчүн МКТны колдонуу менен билимди жана көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган чеберчиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Аталган демилгелердин көбү Covid-19га байланыштуу аргасыз карантинге чыккан учурда башталган. Галереянын катышуучуларынын арасында 2020-жылдан баштап, өлкө боюнча 1500дөн ашык мугалимди 21-кылымдын мугалиминин жөндөмүнө жана компетенциясына үйрөткөн «Алдыңкы мугалимдер жамаатын» өнүктүргөн «Мугалим» онлайн мектеби бар. Нейро-педагогика, окуу психологиясы, педагогикалык дизайн жана STEM технологиялары боюнча онлайн курстар мугалимдер арасында суроо-талапка ээ. Ошондой эле “Санарип академиясынын” демилгелери Кыргызстандын ар түрдүү аймактарынан келген айылдык мугалимдердин башын бириктирип, окутууда инновациялык ыкмалар менен усулдарды колдонуу практикасына киргизе алды, маалыматтык технологияларды өздөштүрүү деңгээлин жогорулатуу аркылуу, мугалимдердин чыгармачылык жөндөмүн активдештирип, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө. «Күндөлүк» маалымат системасы окуу процесстерин жана мектепти башкарууну автоматташтыруу боюнча өзүнүн чечимдерин көрсөтө алды.

Галереянын мүчөлөрү жана коноктору билим берүү аянтчалары менен таанышышты. Алардын арасында «Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан, башталгыч класстын 7 предмети боюнча эки тилдеги iBilim мультимедиалык окуу ресурстарынын бет ачары болду. Катышуучулардын жана коноктордун назарына Khan Academy Kyrgyz, ilimBox, «Креатив-Таалим» мектебинин «Онлайн Мектеп» жана башка билим берүү платформалары тартууланды. Галерея Билим берүүдөгү глобалдык өнөктөштүктүн KIX программасынын алкагында IDRC колдоосу менен “Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Долбоор жөнүндө маалымат: https://kix.taalimforum.kg/en/

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду