2022-жылдын 3-4-декабрында «Таалим-Форум» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте өлкөдөгү билим берүү системасын санарипке өткөрүү боюнча жол картасын талкуулоо максатында кеңешме өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, санарипке өткөрүү, стратегиялык пландаштыруу, мониторинг жана талдоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери, министрликтин бөлүмдөрү, билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагынын адистери, жаңычыл мугалимдер, методикалык бирикмелердин жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иштин жүрүшүндө санариптештирүү чөйрөсүндө кабыл алынган ченемдик-укуктук документтердин картасы түзүлдү. Кыргызстанда санарипке өтүүнүн масштабын кеңейтүүгө багытталган алдыга коюлган жана аткарылып жаткан милдеттер каралды. Талкууда кездешкен кыйынчылыктар, анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоонун жетишсиз деңгээли, мугалимдердин жана алдыңкы лидерлердин санариптик көндүмдөрү тууралуу, ылдамдыгы төмөн интернет байланыш жөнүндө айтылды. Катышуучулар педагогикалык адистердин окуу пландарын жаңыртуу, онлайн билим берүү ресурстарынын улуттук контентин өнүктүрүү, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу системасын реформалоо зарылдыгын белгилешти. Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү бул жаатта аткарылган иштер, санариптик инфраструктураны жакшыртуу, мамлекеттик бардык мектептерди интернетке кошуу, мугалимдердин МКТ компетенцияларын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана пландар, 2021-жылы кабыл алынган квалификациялык талаптар тууралуу анализ кылышты.

Талкуунун жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары артыкчылыктуу милдеттерди, аракеттерди, жооптуу түзүмдөрдү, билим берүүнү санарипке өткөрүүнүн мындан аркы кадамдарынын индикаторлору менен этаптарын, билим берүү системасынын бардык деңгээлдеринде МКТ көндүмдөрүн өнүктүрүү жолун аныкташты; калктын бардык катмарларында, анын ичинде аялуу топтор үчүн да санариптик көндүмдөрдү окутуу программаларын иштеп чыгуу; этникалык азчылыктардын тилдеринде улуттук санариптик билим берүү контентин өнүктүрүү жолдору аныкталды.

Жумушчу кеңешме “Билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан билим берүү” долбоорунун алкагында Эл аралык өнүгүүнү изилдөө борборунун (IDRC, Канада) колдоосу аркылуу Билимдер жана инновацияларды алмашуу (KIX) программасынын алкагында Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк (GPE) уюму менен биргелешип уюштурулду.

Долбоор тууралуу маалымат: https://kix.taalimforum.kg/

 

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду