2022-жылдын 4-5-октябрында “Таалим-Форум” коомдук фонду Бишкек шаарында “Санариптүү педагогикалык лаборатория” аттуу кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча тренинг уюштурду. Ага Кыргызстандын 100дөн ашуун окутуучулары менен мугалимдери катышты.

“Санариптүү педагогикалык лаборатория”  мугалимдин кесипкөйлүк компетенттүүлүгүнүн маанилүү компоненти катары мугалимдин МКТ көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Конференциянын биринчи күнү 17 ЖОЖдун 40тан ашык окутуучуларына, магистранттарга Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучулары санариптик инструменттерди колдонуунун жолдорун, ошондой эле изилдөөдө пайдалануу максатында санариптик тексттерди окуу, талдоо, издөө үчүн мисалдар аркылуу Voyant Tools, TAPoR, HathiTrust ж.б. колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу  тренинг өткөрүштү.

Доктор Э. Сабзалиева (UNESCO IESALC, Canada) "Санариптүү келечек. Виртуалдуу академиялык мобилдүүлүк жана Борбордук Азиянын жогорку билим берүүсүндөгү өзгөрүүлөрдүн артыкчылыктары ” аттуу баяндамасы менен конференциянын катышуучуларын тааныштырды. Ал пандемия учурундагы 38 өлкөнүн 73 университетинин тажрыйбасын жана глобалдык көз карашта студенттердин виртуалдык мобилдүүлүгүн ишке ашырууну талдаган ЮНЕСКОнун изилдөөлөрүнөн мисалдарды келтирди.

Экинчи жана үчүнчү күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 60тан ашуун мектеп мугалимдерине маалыматтык технологияларды жана жигердүү инновациялык чечимдерди терең интеграциялоо менен билим берүү мейкиндигин жана процесстерин уюштуруу боюнча практикалык сабактар ​​өткөрүлдү. Санариптик педагогика лабораториясынын катышуучулары маалыматты издөө жана аны алуу, сабакты уюштуруу жана өзүнүн педагогикалык ишмердигинде колдонуу боюнча негизги көндүмдөрдү, кошумча билимдерди алышты.

Назарбаев Университетинин (Казакстан) доценти, доктор Дүйшөн Шаматов “COVID-19 пандемиясынын учурундагы Кыргызстандагы билим берүү демилгелеринен алынган сабактар: мындан ары эмне болот? Билим берүүдөгү заманбап чакырыктарга жооп табуу жана Кыргызстанда жакынкы жылдары жаңы натыйжалуу билим берүү стратегияларын иштеп чыгуудан алынган сабактар, ошондой эле түшүнүү менен жалпылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тренинг санариптештирүү доорундагы билим берүүдө мектеп мугалиминин орду жана компетенциялары тууралуу «Санариптештирүү шартында мугалимдин ролунун өзгөрүшү» аттуу кереге кеңеш менен аяктады.

Долбоордун алкагында кийинки семинарларды Монголия жана Тажикстанда өткөрүү пландалууда.

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду