2022-жылдын 18 - 22 апрель күндөрү “Таалим-Форум” коомдук фондунун директору Алмагуль Осмонова жана “Билим берүүнүн сапатын жана жеткилүктүүлүгүн жакшыртуу үчүн Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда аралыктан окуутуну өркүндөтүү” долбоорунун жетекчиси Жылдыз Доолбекова АКШнын Миннеаполис шаарында өткөрүлгөн Салыштырмалуу жана Эл аралык билим берүү коомунун конференциясына катышты. Жетекчилер конференцияда  “Дистанттык билим берүүдөгү чакырыктар жана инновациялар: Кыргызстанда, Монголияда жана Тажикстанда COVID-19 пандемиясына карата трансформациялык жооптор” аттуу презентациясын катышуучулардын назарына сунду.

Кыргызстандын, Монголиянын жана Тажикстандын билим берүу тармагындагы эксперттери жана  изилдөөчүлөрү, Таалим-Форум, Анахита жана NNC үч уюмдун консорциуму биргеликте изилдеп жаткан учурдагы    долбоордун алгачкы  жыйынтыктары презентацияда камтылган.

Конференцияга дүйнөнүн булуң-бурчунан билим берүү жана изилдөө тармагында эмгектенген үч миңге жакын адам (онлайн жана офлайн) катышты. Катышуучулар үчүн ар түрдүү сессиялар уюштурулган.

Презентациянын шилтемеси

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду