2021-жылдын 9-декабрында «Аралыктан окутуунун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу» долбоорунун негизинде аралыктан окутуудагы инновация маселелерине, мугалимдердин аткарган кызматына жана алардын МКТны өздөштүрүүдөгү көндүмдөрүн жогорулатуунун маанилүүлүгүнө арналган тегерек стол Бишкек шаарында (Кыргызстан)  болуп өттү.

Талкууга жаңычыл мугалимдер, мектептердин жетекчилери, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана эксперттер катышып, аралыктан окутууда окуу процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн бир катар чечимдер менен инновацияларды сунуш кылышты. Тегерек столго катышкандар төмөнкүдөй суроолорду талкуулашты: Аралыктан окутуу шартындагы инновация деген эмне? Билим берүү процессине инновациялар кандай мүмкүнчүлүктөрдү киргизе алат? Окутууда инновациянын туруктуулугун кантип камсыз кылуу керек?

Катышуучулар санариптештирүү шартында мугалимдин ролу өзгөрүлүп жаткандыгын баса белгилешти. Билим берүү процессиндеги инновацияларды, окутуунун сапатын жана билимдин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча өзгөрүүлөр болушу үчүн мугалимдердин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу, мектептерге жакшы шарттарды түзүп берүү, мугалимдерди жаңы билимдерди жана технологияларды өздөштүрүүгө шыктандыруу керектигин баса белгилешти. Ошондой эле катышуучулар өлкөдөгү мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуунун мамлекеттик системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, билим берүү процессинде электрондук аянтчаларды жана технологияларды колдонууну тездетүү боюнча өз ойлорун ортого салышты.

Тегерек стол өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана борбор калаадан келген мектеп мугалимдери үчүн майнаптуу баарлашуу аянтчасы болуп калды. KIX долбоорунун кеңешчилери менен Кыргыз билим берүү академиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү, билим берүү тармагынын эксперт адистери менен биргеликте аралыктан окутуу боюнча тажрыйбалары, ойлору менен бөлүшүштү.

Ушул сыяктуу тегерек столдор жакында 2021-жылдын декабрынын ортосунда Монголияда жана 2022-жылдын январь айынын башында Тажикстанда өткөрүлөт. Бул талкуулар мугалимдерге өзгөрүлүп жаткан шарттарга ыңгайлашууга гана эмес, мектептердеги жергиликтүү инновацияларды аныктоого жана талкуулоого, мектепте жаңычылдыктын кыймылдаткыч күчү болуп калуусуна жардам берет.

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз

© 2024 "Таалим-Форум" коомдук фонду