"Таалим-Форум" коомдук фонду жетекчилик кылган үч уюмдан турган консорциум  "Кыргызстан, Тажикстан жана Монголияда билим берүүнүн жеткиликтүү болушун жакшыртуу жана теңсиздикти азайтуу үчүн аралыктан окутуунун инновациялык ыкмаларын өркүндөтүү " деп аталган долбоорду ишке ашырууга киришти. Аталган долбоор билим берүү  жаатында Билимдер менен инновацияларды алмашуу глобалдык өнөктөштүгү тарабынан каржыланат (GPE KIX). 

Долбоор Кыргызстан, Монголия жана Тажикстандагы аралыктан окутуунун тажрыйбасында эмне натыйжалуу, эмнелерди оңдоо зарыл экендигин түшүнүүгө, изилдөөгө жана талдоого арналган.   

Изилдөөнүн максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана теңсиздикти азайтуу үчүн аралыктан окутууда инновациялардын натыйжалары менен стратегияларын табуу. Аралыктан окутууда колдонулган ийгиликтүү иш чаралар жана  мүмкүнчүлүктөрдү кеңири жайылтуу үчүн каралып чыгат.

2021-жылдын 24-25-июлунда Кыргызстанда долбоордун Кеңеш берүү тобунун алгачкы жыйыны болуп өттү.  Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов COVID-19 пандемиясына карата болгон карантин маалында Кыргызстанда Өкмөт тарабынан киргизилген аралыктан окутууда өткөрүлгөн сабактар тууралуу талдоо отчету менен тааныштырды.

 KIX EAP хаб программасынын билим багытынын жетекчиси Юлия Левин EAP хабынын алкагында билим берүүдөгү инновациялар жана билимдер менен алмашуу тууралуу баяндап өттү, ошондой эле “Таалим-Форум” КФ менен кызматташуу багыттарын белгиледи.

 Мындан тышкары, катышуучулар боло турган көчмө изилдөөлөр үчүн иштелип чыккан изилдөөнүн ачкычтарын жана алгачкы методологияларды талкууга алышты. Жолугушууда талкууга алынган дагы бир тема аралыктан окутуунун ресурстары жана технологиялары, пандемия маалындагы санариптүү билим берүүдө мугалимдин ролу, ошондой эле билим берүү тармагында жумшалган аракеттер жана ыкмалар тууралуу маселелер каралды.

Жолугушууда долбоорду кеңири жайылтуу, мониторинг жүргүзүү, баалоо жана окутуу жөнүндө маселелер белгиленип, талкуулоого сунуштар киргизилди. Долбоордун кийинки кадамында Тажикстан жана Монголияда да долбоордун эксперттери менен ушул сыяктуу жолугушуулар өткөрүлмөк болду. Долбоорго катышкан мамлекеттердин, GPEге кирген өнөктөш-мамлекеттердин  билим берүү системасында долбоорду натыйжалуу жана баалуу ишке ашыруу үчүн долбоорду ишке ашыруучу топ бардык күчтөрдү топтоштуруунун жолдорун иштеп чыгышмакчы. 

Маалымат KIX сайтында

 

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз