Жаңылыктар
"Таалим-Форум" коомдук фонду августтан сентябрга чейин аралыктан жана санариптүү билим берүүнү талкуулоо боюнча бир нече жолугушууларды өткөрдү, ага үч мамлекеттин Билим берүү министрликтеринин, KIX улуттук комитеттеринин өкүлдөрү, эксперттери, кеңешчилери жана "Анахита" коомдук фонду, Nomadic Nature Conservation уюмунун изилдөөчүлөрү катышты.
Талкуулар "Кыргызстанда, Тажикстанда жана Монголияда аралыктан окутуунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, инновациялык ыкмаларын өркүндөтүү жана билим берүүдөгү теңсиздикти азайтуу" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Катышуучулар карантин учурунда мектептердин жабылышы тууралуу, кырдаалды алдын ала талдоонун жыйынтыктары, жаңычылдыктар менен келечектеги иштер, аралыктан окутуу менен санариптик окутуунун жолдору, технологиялар жөнүндө ой бөлүштү.
Талкуулардын натыйжалары үч мамлекетте жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин негизин ээлеп, алыскы аймактарда билим берүүнүн жеткиликтүү болушун жакшыртууга арналып, ачык билим берүү ресурстары менен технологияларды колдонууга, окутуучулар менен студенттердин арасында МКТнын көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле аралыктан билим берүүдө инновациялык ыкмаларды табууга багытталат.