KIX программасынын грантын алуучулар «Кыргызстанда, Монголия жана Тажикстанда аралыктан окутууда билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн инновациялык ыкмаларды өркүндөтүү жана окутуудагы теңсиздикти азайтуу» аттуу изилдөө долбоорунун бет ачарын өткөрүштү. 

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу инстутунун, KIX улуттук комитетинин, билим берүү мекемелеринин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, билим берүү тармагынын эксперттери, ПИЛ изилдөө компаниясынын адистери катышты. Ошондой эле онлайн режимде консорциумдун мүчөлөрү, Монголия жана Тажикстандык кеңешчилер, KIX программасынын ага кызматкери Сангай Джамтшо катышты.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан башкы адис Ольга Брызгалова сөз сүйлөдү. Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Уланбек Мамбетакунов COVID-19 учурунда Кыргызстандагы мектептердин жабылышы жана билим берүү үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу токтолду. KIX EAP улуттук комитетинин координатору доктор Жаңыл Бөкөнбаева KIX программасы менен тааныштырып, билим берүүдөгү глобалдуу өнөктөштүк тууралуу баяндады. Долбоордун эл аралык эксперти, ЮНЕСКОнун Жогорку билим берүү институтунун аналитиги, доктор Эмма Сабзалиева долбоордун маанилүүлүгү тууралуу кеңири токтолду. Ошондой эле COVID-19дун кесепетинен глобалдык деңгээлде мектептерде окутуунун үзгүлтүккө учурашы жөнүндө кеп кылды. 

Өлкөлөр боюнча координаторлор Абдувохид Сафаров (Тажикстан) жана Тунгалагтуя Хуухендуу (Монголия) өз уюмдары менен тааныштырып, өз мамлекеттериндеги пандемия учурундагы билим берүүнүн акыбалы тууралуу кырдаалды айтып беришти.

Долбоордун жетекчиси Жылдыз Доолбекова, «Таалим-Форум» коомдук фондунун директору Алмагүл Осмонова жана илимий кызматкер Гүлнара Ибраевалар изилдөөнүн стратегиялары менен компонеттери, максат жана милдеттери жөнүндө кеңири токтолуп өтүштү. Бет ачардан соң, аралыктан окутуунун артыкчылыктары менен кемчиликтери, аз камсыз болгон топторго билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү, изилдөөгө жана анын метологиясына сунуштар жөнүндө кызуу талкуу жүрдү. Иш чара ой бөлүшүүгө, кызматташууга, бирге иштөөнү каалаган тараптарга жана өнөктөштөргө эң мыкты алака байланыш шартын түзүп берди. 

Аралыктан окутуу боюнча жаңы долбоордун ачылышы

Маалымат KIX сайтында

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз