“Таалим-Форум” коомдук фонду (Кыргызстан) “COVID-19 пандемиясынын учурунда Кыргызстан, Монголия, Тажикстанда билим берүү тармагында пайдаланылган иш-чаралар жана ыкмалар ” аттуу бет ачарын Билим берүү саясаты жана инновациялар боюнча EAP KIX долбоорунун биринчи конференциясында тааныштырды. Бет ачар үч мамлекеттеги изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизделген.

Изилдөөлөр аралыктан окутуунун инновациялык ыкмалары боюнча долбоордун негизинде жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдө дагы эле уланып жаткан COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине көңүл бурулат, анткени ал бүткүл дүйнө жүзүндөгү билим берүү системасына чоң сокку урду. Бул проблемалар Кыргызстанда, Монголияда жана Тажикстанда дагы эле курч бойдон калууда. Башка түшкөн кыйынчылыктарга карабастан,  Кыргызстандын айыл аймактарында иштеген мугалимдер биргелешип, МКТнын жаңы көндүмдөрүн өздөштүрүүгө чогулушту. Аларга ыктыярчы МТ адистери менен билим берүү тармагы боюнча эксперттер жардамга келишти, ошондой эле алар мугалимдер менен ата-энелерге да методикалык жана психологиялык колдоолорун көрсөтүштү. 

Монголияда калктуу аймактан жүздөгөн чакырым алыстыкта жашаган малчылардын балдары аралыктан окутуу процессине кошула албай да калып жатышты. Тажикстанда гендердик аспектиден караганда, экономикалык муктаждыктан улам, үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн, кыздарга караганда балдар көбүрөөк мектепти таштоодо, алыскы аймактарда жашаган кыздар турмушка эрте аттанып окууну таштаган учурлар да кездешүүдө. 

Изилдөөлөрдө үч мамлекеттеги аралыктан окутуу технологияларынын чегинен ашкан татаал жана терең маселелер, анын ичинде башкаруунун жүргүзүлүшү, педагогдордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мугалимдер менен окуучуларга санариптик сабаттуулукту үйрөтүү, жергиликтүү жана башка  тилдерде онлайн-ресурстарды иштеп чыгуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Изилдөөлөрдүн натыйжалары Кыргызстан, Монголия жана Тажикстандагы калктын аз камсыз болгон топторун эске алуу менен билим берүүнүн сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча саясатты,  сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзмөкчү. 

Маалымат KIX сайтында

 

Байланыш

Дарегибиз: Бишкек ш., Москва көчөсү,191

Телефон: 0 312 298681

email: taalimforum@gmail.com

taalim.communications@gmail.com

 

 

Биз төмөнкү социалдык тармактардабыз